Александр Радищев

Википедия дан
Радищев, Александр Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Александр Николаевич Радищев - Тунгуч орус философиясынын баштоочулардын бири, жазуучу.

Өмүрү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А. Н. Радищев 1749-жылы 31-августта Москвада помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. Москва жана Лейпциг университеттеринде билим алган.Ал 1802-жылы Петербург да дүйнөдөн кайткан.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чет өлкөдө окуп жүргөндө эле француз агартуучулары Вольтердин, Д. Дидронун, Ж. Ж. Россонун, Г. Маблинин чыгармалары менен кеңири таанышып чыгышы ага зор таасир тийгизет. Анын адабий чыгармачылыгы 1773-жылдардан башталган. Философиянын негизги маселеси материалистче чечип, дүйнөнү чексиз таанып билүү мүмкүнчүлүгүн жактаган жана тарбия маселесине көңүл буруп, орус революциячыл педагогикасына, этикасына жана эстетикасына негиз салган. Ошондой эле ал адабиятка, чечендик өнөргө да бир кыйла салым кошуп, «Дүйнөнүн жаралышы» (1779), «Ломоносов жөнүндө сөз» (1780), «Тобольскидеги досума кат» (1782), «Эркиндик одасы» (1783) сыяктуу чыгармаларды жараткан.

Негизги ойлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элге кеңири белгилүү «Петербургдан Москвага саякат» деген китебиндеги досуна карата айткан башкы сөзүндө ал китепти жазуудагы себепти жана максатын мындай деп түшүндүргөн: «Айланамды карасам-жүрөгүм адамзаттын тарткан жабыры менен жараланды». Бул чыгармасында орус турмушунун саясий-социалдык, философиялык-этикалык, тарыхый жана экономикалык маселелерин реалисттик ыкма менен эркин баяндаган. Феодалдык орус коомунун саясий-социалдык мамилелери толук кыйраганда гана эркиндик болот деген ойду айткан.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1790-жылы бул чыгармасы үчүн Радищевди Екатерина II өлүм жазасына өкүм кылып, ал кайра Сибирге 10 жылдык сүргүн менен алмаштырылган. Сүргүндө жүргөндө «Адам, анын өлүмү жана өлбөстүгү жөнүндө» (1795) деген философиялык трактат жана «Филарет ырайым'кер» аттуу автобиографиялык повестин жазган.1301-жылы Александр I А. Н. Радищевге Петербургга кайтып келүүгө уруксат берип, ага мурдагы чини жана орденин кайтарткан.

Сыйлык жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын Саратовдо, Радищев кыштагында үй-музейи бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Радищев А. Петербургдан Москвага саякат / Котор. К. Карасаев. - 2 бас. - Ф.. Мектеп, 1988. -187 б.; Молдогазиев Т. «Мен үчүн урпактарым еч алат» // Ысык-Кел правдасы. - 1977. - 24-сент.; А. Н. Радищев // Жаш ленинчи. -1974. - № 8. - Б. 2; АН. Радищев: / Туулган күнүнө 225 жыл / // Кыргызстан аялдары. - 1974. - № 8. - Б. 18-19.