Разыбеков Жылдызбек

Википедия дан

Разыбеков Жылдызбек 1977-жылы 4-мартта Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1993-жылы А. С. Макаренко атындагы орто мектебин,
  • 1998-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин укук тануу факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1999-жылы Базар-Коргон райондук прокуратурасынын стажеру, прокурордун жардамчысы, тергөөчүсү болуп иштеп баштаган.
  • 2004-2014-жылдары Ноокен, Сузак, Токтогул, райондук прократурасынын тергөөчүсү, Ала-Бука районунун прокурорунун ага жардамчысы, Жалал-Абад областтык прокуратуранын тергөөчүсү, бөлүмдүн прокурору, ага прокурору,
  • 2014-жылдан бери Жалал-Абад областтык прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп эмгектенет.
  • Кылган кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтык прокурор тарабынан алкыш жарыяланып, Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Прокуратура майору.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3