Раимбек Абдиев
Жазуучу Раимбек Абдиев Жети-Өгүз районунун Даркан айылында 1935-жылы 25-ноябрда туулган. Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебин, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүн бүтүрүп, райондук, облустук, республикалык массалык маалымат каражаттарында кабарчы, адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордук кызматтарды аткарган. 19821983-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинде жооптуу кызматта иштеген. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында массага маалымат каражаттары жана коомдук уюмдар боюнча иштеп, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Макалалары, фельетондору, очерктери, аңгемелери басма сөз беттерине жарыяланган жана бир катар радио-телеберүүлөрдү уюштурган. Француз классиги А.Доденин «Балакай» романын жана орус, украин, казак жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын Алтын казынасында Р.Абдиевдин көп актылуу пьесалары сакталган. 1971-жылдан СССР Журналисттер, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз тилинде
- Коммунисттин максаты: Очерк. – Ф.: Кыргызстан. 1970. – 31 б.
- Күжүрмөндөр менен бирге: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 65 б.
- Абийир: Роман. Ф.: Кыргызстан, 1980. 348 б.
- Төпө аке: Роман. Б.: Плюс, 2002. 342 б.
- Таазим: Роман, эссе. Б.: Плюс, 2004. 256 б.
- Алай закымдары: Тарыхый роман. Б.: Плюс, 2005. 391 б.
- Үмүт: Роман. Б.: Плюс, 2006. 203 б.
Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Альфонс Доде. Балакай: Роман. – Ф.: Мектеп, 1982. – 230 б.
Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.