Ракым Усубакунов

Википедия дан

Усубакунов, Ракым (1929-1982) - кыргыздын чыгаан педагог окумуштуусу, физика-математика илимдеринин кандидаты (1965).

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ракым Усубакунов 1929-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чок-Тал айылында туулган.

1950-жылы Кыргыз педагогика институтун (1951-жылдан Кыргыз мамлекеттик университети, азыркы Кыргыз Улуттук университети) аяктап, андан соң ушул университеттин аспирантурасын (1954) бүтүргөн.

Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, "Жогорку математика" кафедра башчысы.

Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Бишкектеги Кыргыз техникалык университети) проректору кызматында турганда, жогорку математика боюнча окуу китептерди кыргыз тилинде жарыялаганы үчүн ошол кездеги совет бийлиги тарабынан "улутчул" катары куугунтукталган.

Усубакуновду коргоп Фрунзе политехникалык институтунун жана борбор шаардагы ЖОЖдордун студенттери 1967-жылы нааразылык жыйындарын да өткөргөн.

Кийинчерээк Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинде) доцент болуп иштеп калган.

Дүйнөдөн эрте кайтышына коммунисттик бийликтин куугунтуктоосу таасир тийгизген.

Илимий жана педагогдук мурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку окуу жайлары үчүн жазылган "Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр" деген оригиналдык 2 томдук окуу китебинин, "Математикалык анализ" деген 3 томдук окуу китебинин, Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүнүн, Механика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүнүн, андан сырткары ондогон илимий-методикалык эмгектердин автору.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4).

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]