Ральф Уолдо Эмерсон

Википедия дан

Эмерсон Ралф Уолдо (1803–1882) – америкалык философ, акын ж-а эссеист, трансцендентализмдин школанын (багыттын) негиздөөчүсү.

Теологияны Гарвард университетинде окуган, ал эми 1832-ж. чиркөө наамынан баш тарткан. Э-дун ою б-ча философиянын «түбөлүктүү проблемасына» материя м-н рухтун (духтун) мамилеси кирет. Бул маселени ал идеалистче чечет: «Табият – рухтун символу». Саясий-социалдык көз карашы б-ча ал майда буржуазиялык демократ; капиталисттик чындыкты катуу сынга алган. Эмерсондун коомдук идеалы-жеке менчик мамилелери. Болмуштун бийик принциби – кудай. Бүт дүйнөдө кооздук өкүм сүрүп турат. Анын негизги белгилери –гармония, руханийлик. Эркиндикти сүйүү идеясын карманган, кул ээлөөчү-лүктүн душманы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8