Рафхатбек Абдиев

Википедия дан

Абдиев Рафхатбек (23.2.1927, Жумгал району, Чаек айылы — 11.5.1995, ошол эле жер) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты (1959—75).
1949-ж. Бишкек педагогикалык институтун бүткөн.
1949—52-ж. мектеп директору, Жумгал райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, 1952—53-ж. Кыргызстан КП БКнын мектептер жана ЖОЖдор бөлүмүнүн инструктору, 1953—56-ж. Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун мектептер бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан КП Нарын обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы, 1956—61-ж. Кыргызстан КП Тогуз-Торо, Ак-Талаа райкомдорунун 1-катчысы, 1962—63-ж. Ат-Башы райаткомунун төрагасы, 1963—73-ж. Кыргызстан КП Нарын райкомунун 1-катчысы, 1973—95- ж. облустук, райондук жооптуу жетекчи кызматтарда иштеген.
2 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.