Ревербератор

Википедия дан

Ревербератор - радио берүүлөрдү, телекөрсөтүүлөрдү үн менен коштоодо жана үн жазууда колдонулуп, үндү жасалма жол менен басаңдаткыч түзүлүш.

Үн информациялуу электр сигналы Ревербератордун киришине берилет. Ревербератор ал негизги сигналды убакыт боюнча кечиктирилген жана амплитудасы улам азайма ырааттуу сигнал менен бириктирилет. Үндүн басаңдаш (реверберация) убакыты үн чыгуу мүнөзүнө жараша болот; кеп учурда ал 0,8-1,5 сек дан 5-8 секта чейинки чекте тандап алынат. Иштетилген сигнал Ревербератордун чыгышынан үн угузуу же жазгыч түзүлүшкө берилет. Ревербератор үндүн кадимки өзүндөй угулушун камсыз кылат. Ревербератордун магниттүү, такталуу, пружиналуу түрлөрү көбүрөөк колдонулат. Өзгөчө магниттүү Ревербератор- амбиофон имараттын акустикалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.