Реверсия

Википедия дан

Реверсия (лат. reversio - кайрылуу, кайтаруу) – генетикада , мутанттык организмде экинчи ирет кайталанган мутациянын натыйжасында жапайы (кадимкидей) же жалган жапайы фенотиптин калыбына келиши. Супрессиянын, же геномду алгачкы абалына кайтаруучу чыныгы тескери мутациянын (мисалы, түз мутация таасир эткен гендеги алгачкы нуклеотиддик ырааттуулуктун калыбына келиши) эсебинен жүзөгө ашышы мүмкүн. Супрессиянын натыйжасында пайда болгон организм - ревертант жалган жапайы фенотипке ээ. Р-нын жыштыгы жана мүнөзү түз мутацияда жүргөн өзгөрүүлөрдүн тибине көзкаранды. Мисалы, делециялар чекиттик мутацияларга, ал эми чыныгы тескери мутациялар супрессордук мутацияларга салыштырмалуу абдан сейрек калыбына келет же такыр калыбына келбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]