Мутант

Wikipedia дан
Мутант Homarus americanus.

Мутантмутациянын натыйжасында тукум куугуч белгилери өзгөргөн организм формасы. М-тар өз алдынча ички себептердин натыйжасында же мутагендердин таасири астында келип чыгышы мүмкүн. Көпчүлүк М-тар алгачкы организмдерден ар кандай структураларынын, функцияларынын өзгөрүүлөрү менен айырмаланат. М-тар өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун, жаныбарлардын жаңы породаларын жана ошондой эле микроорганизмдердин штаммдарын; амин к-талардын, витаминдердин, антибиотиктердин жана башка биологиялык активдүү заттардын продуценттерин чыгаруу үчүн кеңири колдонулат. Генет-да М. генетикалык аппараттын түзүлүшүн жана иштешин, ар түрдүү заттардын биосинтез жолдорун, мутация процессинин законченемдүүлүктөрүн изилдөө үчүн колдонулат. М-тар табигый тандалуу үчүн алгачкы материал болуп эсептелгендиктен эволюцияда маанилүү роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]