Революциялык кырдаал
Революциялык кырдаал — революция болоор алдындагы кыска мезгилде процессти революцияга алып келүүчү белгилерди айтабыз.
Революциялык кырдаалды методологиялык жактан эң туура иштеп чыккандар марксизм-ленинизм окуусунун өкүлдөрү. Алардын Революциялык кырдаал жөнүндөгү окуусун классикалык революцияларды, «жибек революцияларды» изилдеген тарыхчы- лар да, саясат таануучулар да кабыл алышкан. Бул окууларда Революциялык кырдаал ар түрдүү аныкталат, бирок маңызы бирдей.
Кыскача ал төмөнкү үч белгини көрсөтөт: 1. «Төмөнкүлөрдүн» мурункудай жашай албай, ал эми «жогоркулардын» мурункудай башкара албай калышы; 2. Эл массасынын жакырдануусунун адаттан тыш төмөндөп кетиши жана алардын бийликке болгон нааразычылыгынын укмуштуудай күчөшү; 3. Эл арасындагы оппозициячыл күчтөрдүн активдүүлүгүнүн жогорулашы жана бийликтин аларга карата болгон репрессиясынын катаалданышы.
Аталган белгилердин суммасы Революциялык кырдаалды жаратат да, революциянын себептеринин бири ото курч деңгээлге жетип, революция чыгып кетчү жагдай түзөт. Ал революциянын шылтоосу болуп, революциялык акт башталып кетет.
Жогорку айтылгандарды кай бир учурларда «кокустукка», «бийликтин айрым бир жаңылыштыгына», «сырткы күчтөргө» шылтап коюу бардык эле революциялардын жыйынтыктарында кездешип келген. (Ал Кыргызстандагы эки жолку «түстүү» револю- циялардын артында бийликтен алынган топтун революциянын чыгуу себептери жөнүндө актанган сөздөрүнөн белгилүү.) Чынында, революцияларда тышкы фактор дагы таасир эткени менен, негизинен ички фактор чечүүчү мааниге ээ жана процесс мыйзам ченемдүү жүрөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8