Регионализм

Википедия дан

Регионализм (regionalism) — бул түшүнүк регионалдык башкаруу тажрыйбасын жана анын зарылдыгына болгон ишенимди көрсөтөт.

Регионализмди федерализмден айырмалай билүү зарыл. Федерализмдин принциптерине ылайык, жогорку бийлик кийлигише албаган төмөнкү тепкичтеги башкаруунун корголгон ишмердүүлүк чөйрөсү болуп, жогорку тепкичтеги бийлик төмөнкү бийликке өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берет. Ошондуктан Регионализм терминин региондору бар же боло ала турган мамлекетгерге же системаларга карата гана колдонуу туура. Бирок ал региондор борбордук өкмөт тарабынан түзүлүп, ал тараптан кайрадан кандай оңой түзүлсө, ошондой эле женил жок кылынышы шарт. Мисал катары регионалдык башкаруу системасы күч алган Франция мамлекетин жана Англия, ошондой эле анын райондорунан тышкары Шотландия, Уэльс, Түндүк Ирландия мамлекетгери кирген Бириккен Падышачылыкты алсак болот.

Англия болсо статистикалык жана административдик максаттарда колдонулган, саясий өкүлчүлүгү жок стандарттык райондорго бөлүнгөн. 1993-ж. Европалык Союз жергиликтүү шайланган кызмат адамдары иштей турган региондор боюнча Комитетти түзгөн. Ал эми Бириккен Падышачылыктын өкмөтү жогорудагы Комитетке өз өкүлдөрүн сунуштаган, бирок бардык партиянын каршылыгынан иш жүзүнө ашпай калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8