Редиф

Википедия дан

Редиф (ар.—артынан келүүчү) — ыр сабындагы уйкаштыктан кийин келүүчу сөздөр жана сөз айкаштары. Араб тилинен которгондо «артынан келүүчү» деген маанини билдирет. Редиф көбүнчө уйкашкан сөздөн кийин бир сөздүн кайталанышы, ал көбүнчө араб-парсы жана жалпы эле чыгыш поэзиясына мүнөздүү. Редиф катарында келген сөз, сөз айкашы же сүйлөмгө автор басым жасайт, чыгарманын бүткүл өзөгү менен байланышып турат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]