Ред-Ривер

Википедия дан

Ред-Ривер (англ. Red River) – Түндүк Америкадагы эки дарыя.

  1. АКШ жана Канаданын аймагында. узундугу 920 км, алабынын аянты 297 миң км2. Борбордук түздүк аркылуу агып, Виннипег көлүнө куят. Орточо чыгымы 240 м3/сек. Ортонку жана төмөнкү агымында кеме жүрөт. Боюнда Виннипег шары (Канада) жайгашкан;
  2. АКШнын түштүгүндөгү дарыя, Миссисипинин оң куймасы. узундугу 2050 км, алабынын аянты 233 миң км2. Орточо чыгымы 880 м3/сек. Төмөнкү агымында тармактанып, бир салаасы Мисиссипиге (Олд-Ривер), экинчиси Мексика булуңуна куят (Атчафалая). Шривпорт шаарына чейин кеме жүрөт. Тексома ири суу сактагычы, ГЭС курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]