Резонанстуу нурлануу

Википедия дан

Резонанстуу нурлануу - байланышкан заряддар системасынын (мисалы, атом, атом ядросу) нурлануу жыштыгы аны дүүлүктүргүч жарыктын термелүү жыштыгына дал келип, нур таратышы.

Мындай нурду газ, суюктук жана катуу нерселер чыгарат. Резонанстуу нурланууну натрий буусунун жаркыроосун изилдөөдө амер. физик Р. Вуд ачкан (1905).

Резонанстуу нурланууну дүүлүктүрүү үчүн атом же башка байланышкан заряддар термелүү жыштыгы v болгон жарык менен нурлантылат. Aтom hv (h - Планк туруктуулугу) квант энергияны сицирүү менен негизги Е0 деңгээлден дүүлүккөн Е2 децгээлге өтөт. Атом дүүлүккөн Е2 абалдан Еогө өтүүдө Резонанстуу нурланууну чыгарат, б. а. атом v жыштыктуу кваятты бөлүп чыгарат да нурлануу спектринде резонанс сызыгы пайда болот.

Резонанстуу нурлануу атайын шартта (сейректелген атом буусунда, тоңдурулган эритмеде) гана байкалат. Адатта атом дүүлүккөн абалдан нур чыгарбастан аралык Е\ децгээлге өтөт да, андан негизги абалга өткөндө жыштыгы гдан аз болгон нур чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.