Резонанс теориясы

Википедия дан

Резонанс теориясы - орг. химиядагы молекулалардын классикалык түзүлүш теориясын толуктаган концепция.

Резонанс теориясы боюнча молекуладагы атомдордун валенттүүлүгүн сактоо менен бир молекулага бир нече структуралык формула жазууга болот. Мисалы, бензол үчүн эки эквиваленттүү формуладан (Кекуленин структурасы) башка да төмөнкү үч формуланы (Дьюардын структурасы) жазууга болот. Молекуланын чыныгы формуласы резонанс формулаларынын бирине да туура келбей, ошолордун айкалышына туура келет. Резонанс теориясы орг. химиядагы эксперименттик изилдөөлөргө негизделген. Бул теорияны амер. илимпоз Дж. Полинг сунуш кылган (1928-31).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.