Рекорд (сыналгы)

Википедия дан
«Рекорд Б» сыналгысынан футболдук матчты көрүү, 1958-жыл.

Рекорд — Александров шаарында жана «Электросигнал» воронеж заводунда 50-жж. бери чыгарылып келе жаткан совет сыналгыларынын маркасы. Мурда эки заводу тең КВН-49 маркасындагы сыналгыны чыгарышчу. Советтен кийинки учурда александров заводу өз продукциясына «Рекорд» маркасын колдонуу үчүн укуктарды биринчи ээлеп алган. Ушунун натыйжасында «Электросигнал» заводу өз продукциясынын атын өзгөрткөн («Рекорд» сыналгылары «ВЭЛС» болуп аталып калган — Воронеж Электросигналы).

Александров заводу — Орусияда жарнаманын автобөгөттөсү бар сыналгылардын чыгаруусун өздөштүрүп алган бир гана заводу болот (37ТЦ-5173, 51ТЦ-5173 жана 54ТЦ-5173 моделдери). [1]

Тарыхый фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1956-ж. «Рекорд» үлгүсүндөгү сыналгы Брюсселдеги эл аралык көргөзмөдөн «Чоң алтын медалын» алган.
  • 1960-жж. ар бир бешинчи советтик үй-бүлөнүн сыналгысы «Рекорд» үлгүсүндө болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Архив журнала «НАУКА И ЖИЗНЬ». Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2013.