Ремиссия

Википедия дан

Ремиссия (лат. remissio «азаюу, начарлатуу») — оору белгилеринин убактылуу жоголушу (толук ремиссия) же азайышы (толук эмес ремиссия).
Ремиссия безгек, кайталанма келте, кээ бир психикалык оорулар, өнөкөт дизентерия жана башкаларга мүнөздүү. Айрым учурда ремиссия айлап-жылдап созулат, кээде оору бат-бат кармайт. Толук ремиссияда оорунун айрым белгилери сакталгандыктан көпчүлүк учурда жардам берүүчү терапия сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8