Ренарддын боздоң чаар жыланы

Википедия дан
Ренарддын боздоң чаар жыланы.

Ренарддын боздоң чаар жыланы (Vipera ursinii (Bonaparte, 1835) ssp. Renardi), (Christoph, 1861):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрчөнүн ареалы Буг жана Кавказ дарыяларынан тартып Алтай менен Кытай Жунгариясына чейин жетет, Орто Азияда бөлүнгөн (Жунгар Ала тоосунан тартып Түндүк жана Чыгыш Кызыл Кумга чейин). Европа, Турция, Түндүк Иран жана Кавказда башка (бөлөк) түрчөлөр. Кыргызстанда – Кыргыз Алатоосунун этектери, Талас жана Чүй (батышка карай Шамшы суусуна чейин) өрөөндөрү; Мурун болсо дагы Түштүк Кыргызстанда, Атойнок кыркалардын түштүк беттери, Кетмен – Төбө ойдуңу жана Орто – Нарын чуңкуру. Каратал – Жапырык коругунда табылганы жөнүндө маалыматтар далилденгенге муктаж.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган биотоптор ар түрдүү: бийик тоолуу талаалар , жарлар, таштуу жантаймалар (беттер), туздуу жарым чөлдөр, шалбалуу жайылмалар, көлмөлөрдүн жээктери , деңиз деңгээлинен 1500м бийикке чейинки тоолор. Антропоценоздордон качат (тынчсыздандыруу факторго сезгич). Кыргыз жана Талас кыркалардын тоо этектеринде жана ушул эле айтылган өрөөндөрдө суу жана көл жээктеринен алыс эмес тала ландшафтарды ээлейт (мекендейт).

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда бардык жерлерде саны аз (төмөн) : учетко алынган узуну 20км, туурасы 4м транссектада 3 особдон ашпайт. Акыркы учурда, айдалган жерлерде, же тоо иштери өткөзүлгөн, же жол салынган, ошондой эле обочолонгон локалитеттерде ж. б. катоо жүргүзүлгөн эмес.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чээнден марттан (Чүй өрөөнү) тартып апрелдин ортосуна (Кыргыз Алатоосунун этектери жана Талас өрөөнү) чейин. Жыныстануусу апрелң-майда. Тирүү туучу түр, балдарын (5-6) июлдун аягынан тартып сентябрга чейин тууйт. Курт-кумурскалар (түз канаттуулар), майда сойлоочулар (сцинктер, кескектер) жана сүт эмүүчүлөр, чанда гана балапандар менен азыктанат. Кемирүүчүлөр жана саранчаларды кырып жоготуушусу менен пайдалуу. Адатта түнкүсүн активдүү, ийиндерге, таштардын арасына жашынышат. Жалгыздап, же анча чоң эмес топторду түзүп кышташат. Уулуу, бирок киши үчүн зыянсыз.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган жерлеринин өзгөрүлүшү жана тынчсыздандыруучу фактордун күчөшүү (талааларды айдоо, көлдөрдүн жээктерин айыл чарбалыкка колдонуу (пайдалануу), пестициддерди колдонуу жана кишинин түздөн-түз куугунтукташы, серпентариялар ж. б. үчүн чексиз кармоо.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда, Кыргызстанда көбөйтүүсү жүргүзүлбөйт. Мурун серпентарияда кармалчы. Стресстерге өтө сездиргич болгондуктан террариумдарга сейрек (чанда гана) кармалат. Ташкенттин ж. б. зоопарктарда бир нече жолу тукуму алынган.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурада, Кыргызстанда коргоого алынган эмес. Анча чоң эмес популяциялары Каратал – Жапырык коругунда жана Токмок комплекстүү заказникте мүмкүн дагы эле болсо сакталып калган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыштоочу жана көбөйүүчү жерлерине кичи коруктарды уюштуруу. Талаа зыянкечтерин кырып жоготуу катарында түрдү коргоону пропагандалоо, элдик медицинада түрдүн жараксыз жөнүндө жергиликтүү элдердин арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар кандай максат үчүн кармоого толук тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU A4bc категория. Түштүктүн батыш – палеарктикалык түрүнүн кара деңиз-түндүк турандык мозаика түрүндө таралуучу түрчө. Кыргызстанда – саны кыскарып бараткан бирин- сериндик болуп кездешүүчү түр. Серпентарияларда уу – фармацевтикалык сырңөну, алыш үчүн багылат. I U CNRLTS EN Al c+2c категориясы менен Өзбекстандын Кызыл китебине, ал эми Европа популяциялары - CITESтин I Тиркемесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]