Ренжит

Википедия дан

Ренжит, Ранжит – 10–12-кылымга таандык шаар; Миян-Рудандын аймагына кирген. Фергана өрөөнүнүн түндүгүндө, азыркы Ош облусунун Аксы р-нунун аймагында жайгашкан. Орто кылымдагы жазма даректерде шаарды айланта айдоо аянты, шаардын ичинде мечит болгондугу эскерилет.

Ренжитке археол. изилдөөлөр жасала элек. Ренжит кыштагы Кошдөбө, анан Семет аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2