Ренин-ангиотензин системасы

Википедия дан

Ренин-ангиотензин системасы - ангиотензин гормонун пайда кылуучу жана бузуучу фермент системасы.

Ал кан басымын, бөйрөктүн иштешин жана организмде суу, туз алмашууну жонго салат. Бөйрөктүн өзгөчө клеткалары ренин ферментин болун чыгарат. Ренин канга кошулуп, ангиотензиногенге (плазманын белогуна) таасир этип, ангиотензинге айландырат. Андан кийин өпкө жана бөйрөктөгү ферменттин таасиринен ангиотензинге өтөт. Ал кан тамырды ичкертет, ошондой эле алардын тонусун которуучу жана суу, туз алмашууга катышуучу гормондордун чыгышын күчөтөт.

Рениндин чыгышы жана анын активдуулуту бөйрөктөгү кан айлануунун бузулгандыгы, Na ионунун организмде азайгандыгы ж. б. менен байланыштуу.

Ренин-ангиотензин системасынын активдүүлүгүндө кан басымы жогорулайт, бөйрөк жана жүрөк начар иштеп, шишийт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.