Рентген-терапия

Википедия дан
Рентген-терапия кылуучу аппарат

Рентген-терапия — дарылоо максатта рентген нурларын колдонуунун теория менен практикасын камтыган нур менен дарылоонун бир бөлүгү.
Рентген нурлары менен анча терең эмес жайгашкан шишиктерди жана кээ бир ооруларды дарылайт. Ал дозасына жараша ооруну басаңдатуучу, сезгенүүгө каршы, ооруну (шишикти) таратуучу, бузуучу таасир берет. Башты рентген нуруна кактаганда чач убактылуу түшкөндүктөн козу карын (грибок) ооруларын дарылоодо, ошондой эле колтук бези сезгенгенде (гидраденит), сыздоок, чыйкан, лимфаденитте жана башкалар жакшы натыйжа берет. Рентген-терапия демейде башка дарылоо чаралары менен кошо жүргүзүлөт (Нур менен дарылоо).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8