Сыздоок

Википедия дан

Сыздоок — түк (чач) капчаларынын жана ага байланыштуу май бездери менен тегерегиндеги клетчаткаларынын ириңдетүүчү стафилококк микробу пайда кылуучу катуу кармаган ириңдүү — некроздук сезгениши. Сыздоокко теринин такай булганышы жана кийимдин өйкөшү, анын химиялык заттар менен дүүлүгүшү, теринин үстүңкү катмарынын сыйрылышы, тытылышы жана башкалар микротравмалар, ошондой эле тер жана май бездеринен тер менен майдын көп бөлүнүшү, витамин жетишсиздиги, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Сыздоок теринин түктүү бөлүгүнүн бардык жеринде, көбүнчө желкеде, бетте, колдун сырткы бетинде, бел тушта пайда болот. Адегенде ачык кызыл түстөгү катуу ооруган кызыл пайда болуп, конус түрүндө теринин үстүнө чыгат. 3—4 күндөн кийин анын ортосу жумшарып, ириңдей баштайт. Ал жарылып, азыраак ириң чыгат. Ордунда көгүш тарткан некроздуу ткань өзөгү көрүнөт. 2—3 суткадан кийин ириңдүү кан менен кошо өзөгү бөлүнүп чыгат. Дененин айрым жерлеринде, мисалы, моюн, бел, билекте же жамбашта бир нече сыздоок чыгышы мүмкүн. Ал санитария-гигиена эрежелерин сактабаганда жана жалгыз чыккан сыздоокту туура эмес дарылагандан да болот. Көбүнчө жетишсиз тамактанган, витамин жетишпеген, алсыз, жалпы инфекциялуу катуу оору менен ооругандарда жана зат алмашуусу бузулгандарда (диабет, колит, гастрит, нефрит, анемия жана башкалар), ысык же суук өткөндө, өтө чарчаганда жана нерв системасынын функциясы бузулганда дененин көп жерине сыздоок чыгат (жалпы сыздоок). Сыздооктун катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Катуу кармаган сыздоок бир эле убакта же кыска мөөнөттө пайда болуп, оорулуунун башы ооруп, алсырайт, денеси ысыйт. Өнөкөт сыздоок организмдин туруктуулугунун төмөндөшүнөн улам чыгып, бир нече айларга созулат. Сыздоокту дарылоо стадиясына, чыккан жерине жана жайылышына жараша врачтын көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Өз алдынча сыгуу, чукулоо, учун тырмап салуу, ысык басуу жарабайт, анткени алар ар кандай кабылдоолорго алып келет. Сыздоок чыккан учурда мончодо, ваннада, душтун алдында жуунууга болбойт; врачтын көрсөтүүсү боюнча марганцовка кошулган жылуу ванна кабыл алса болот. Алардын тегерегиндеги соо терини камфора же салицил спирти менен сүртүү керек. Углеводдуу (таттуу, ундан жасалган жана башкалар) ачуу тамак-аш берилбей, витаминге бай диета сунуш кылынат. Сыздоокко түрткү берүүчү ооруну убагында дарылоо менен пиво ачыткыларын кабыл алса болот. Сыздоокту алдын алууда негизинен өздүк гигиена эрежелерин так сактоо, терини таза күтүү, теринин ириңдүү жарасын пайда кылуучу факторлорду четтетүү микротравмаларды өз убагында тазалап, дарылоо, ошондой эле ириңдетүүчү инфекцияларга организмдин туруктуулугун жогорулатуучу чараларды (организмди чыңдоо, сууга түшүү, күнгө күйүү) көрүү, витаминдүү тамактануунун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8