Рентген контрасттуу каражаттар

Википедия дан

Рентген контрасттуу каражаттар - рентгенологиялык изилдөөдө колдонулуучу химиялык заттар.

Алар организмдин орган жана ткандарына караганда рентген нурларын өздөрүнө аз же көп сиңирет. Бул заттарды изилдене турган кеңдей органдарга жиберип толтурганда алардын көлөмүн, формасын жана патологиялык өзгөрүүлөрүн билүүгө болот.

Рентген контрасттуу каражаттар рентген нурларын аз сиңирүүчү газдар (аба, кычкылтек, көмүр кычкыл газы) жана суюк заттар - иоддуу препараттар (кардиотраст, триотраст ж. б.) түрүндө колдонулат. Тамак сиңирүү органдарын (кызыл өңгөч, карын, ичегилер) изилдөөдө барий сульфаты, бронхография, ангиография, холецистография жүргүзүүдө иоддуу препараттар кецири пайдаланылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.