Репеллент

Википедия дан

Репеллент (лат. repellens - оолакта- туу, качыруу) - зыяндуу курт-кумурска, чымын-чиркей жана канаттуулардан коргонууда пайдаланылуучу зат.

Негизинен адамды, жаныбарларды курт-кумурскадан, трансмиссивдүү (энцефалит, лейшманиоз) ооруларды жугузбоо, мебель, кийимди күбө курттардан сактоо үчүн ж. б-да колдонулат. Жыттуу чөп, өсүмдүк майы ж. б. Репеллент катары байыртан эле урунулган. Азыр негизинен хим. (көбүнчө синтет.) заттар: эфир, спирт, альдегид, амиддер суюктук, май ж. б. турүндө ар кандай ыкмада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.