Репликация

Википедия дан
Репликация.
Репликация (Бактериялар‎).

Репликация (лат. replicatio - кайталануу) - редупликация, ауторепликация, генетикалык маалыматтын так көчүрүлүшүн жана анын муундан-муунга берлишин камсыз кылуучу нуклеин к-таларынын макромолекулаларынын өзүн-өзү жаратуу процесси. Р-нын механизминин негизин ДНКнын же РНКнын, өзүнүн калыбында ферменттик синтезделиши түзөт. Р-нын ферменттеринин ичинен бактерияларда секундасына 1000 нуклеотиддерге чейин синтездөөчү ДНКда көзкаранды РНК-полимераза маанилүү орун ээлейт. ДНКнын Р-сы жарым консервативдүү, башкача атйканда ДНКнын эки жаш молекуласынын синтезинде алардын ар бири бир "эски" жана бир "жаңы" тизмекке ээ. Р-нын бирдиги - репликон. Р-нын жүрүшүндө синтезделүүчү үзүндүлөр ДНК-лигаза ферменти менен "бир ("артта калган") тизмекке "биригишет". Ар бир үзүндүнүн синтези башталгандан (инициация) кийин, ДНК менен алмашуучу РНКнын кыска бөлүгү синтезделет. ДНКнын Р-сы (in vivo) абдан так процесс, спонтандык чекиттик мутацияларга алып келүүчү өзгөрүүлөрдүн жыштыгы бир муунда бир нуклеотидге 10-9 даражасынан ашпайт. Р-га ДНКнын кош спиралын түзүүчү, түзүлгөн бөлүктөрдү туруктуу абалга келтирүүчү, молекулалардын аралашышынын алдын алуучу белоктор катышат. Эукариоттордо ДНКнын Р-сы жай, (секундасына 100 нуклеотидге жакын), бирок бир эле учурда ДНКнын молекуласынын көптөгөн чекиттеринде өтөт. ДНКнын Р-сы РНК-кармоочу вирустардын тар чөйрөсү менен чектелген. ДНКнын Р-сынын негизинде хромосомалардын эки эселениши да Р. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]