Репрессор

Википедия дан

Репрессор (лат. repressor - чектөөчү, токтотуучу; reprimo - басуу) - оператор (оперондун жөнгө салуучу участогу) менен байланышуунун натыйжасында, оперонду жөнгө салуучу гендердин [[Транскрипция (ДНК)|транскрипциясын]] токтотуучу - жөнгө салгыч белок. Бул тиешелүү м-РНКнын, демек, оперон аркылуу коддолуучу ферменттердин синтезинин токтошуна алып келет. Р-до бир клеткага жөнгө салуучу гендин көзөмөлдүгү астында 10дон 20 молекулага чейин синтезделет. Алар активдүү, башкача атйканда оператор менен түз байланышууга жөндөмдүү же активсиз формада болушат. Активдүү Р. клеткага өзгөчө төмөн молекулалуу заттар - индукторлордун келип түшкөндө синтезделүүчү т.н. индукциялоочу ферменттер пайда болот. Индуктордун Р. менен байланышышы Р-дун активдүүлүгүн төмөндөтөт, жана тиешелүү ферменттердин синтези (индукция) башталат. Р-дук ферменттерге активсиз Р. мүнөздүү. Алар клеткага жөнөкөй молекулалуу заттар - корепрессорлор келип түшкөндө активдешет. Бул учурда оперондор аркылуу коддолуучу ферменттердин синтези токтойт (репрессия). Адатта, индукторлор жана корепрессорлор жалпысынан эффекторлор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]