Рефлекс догосу

Википедия дан

Рефлекс догосурефлекстерди пайда кылуучу нерв түзүлүштөрүнүн тобу.

Ал рецепторлордон иштөөчү органга же клеткага дүүлүгүүнү өткөрүп, нервдердин байланышын түзөт. Рефлекс догосуна: рецептор, борбордук нерв системаны көздөй нерв импульсун өткөрүүчү (аффетзент) нерв талчалары, козголууну кабыл алып, аны тийиштүү синапстар аркылуу иштөөчү органга өткөрүүчү нейрон, козголууну борбордук нерв системасынан четке жеткирүүчү (эфферент) нерв талчалары жана иштөөчү орган (эффектор) кирет.

Рефлекс догосу рефлекстин структуралык негизин түзөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.