Нейрон

Wikipedia дан
Нейрон түзүлүшү.jpg

Нейрон (неврон, нерв клеткасы)(байыркы грек тилинен νεῦρον — жип, нерв) — нерв тканынын негизин түзүүчү бөлүкчө.

Түзүлүшү[оңдоо]

Нейрондун денеси жана цитоплазмалык урчуктары (талчалары) болот. Нейрондун денесинин цитоплазмасында (невроплазмасы) ядросу, 1 же 3 ядрочосу, Гольджи аппараты, митохондрийлер, ошондой эле нерв клеткасына мүнөздүү структуралар жайгашкан. Нейрондун бир талчасы башкаларынан узун келип, анын учу чачыланып турат. Бул узун талчасы аксон деп аталат. Аксон нейрондун денесинен нерв импульстарын четки эфферент нерв учтарына берет.
Нейрондун денесинен бир же бир нече бутакташкан кыска талчалар тарайт. Булар дендриттер деп аталат. Бир нейрондун дендриттери 2000—3000 нерв клеткаларын байланыштырат. Булар аркылуу дүүлүгүү сезими нейрондун денесине келет. Нейрондун дене формасы жана талчаларынын саны ар түрдүү. Булар чогулуп мээ менен жүлүндүн боз затын түзөт. Ал эми нейрондун аксондору (узун талчалары) мээ менен жүлүндүн ак затын түзөт. Нейрон борбордук нерв системасынан тышкары нерв түйүндөрүндө да жайгашкан. Кээ бир нейрондун узун талчалары топтошуп чогулуп, нейроглия клеткасынан турган атайын кабык менен нерв талчаларын түзүп, борбордук нерв системасынан чыгат. Андан алыстаган сайын ири нерв талчалары улам ичке нерв талчаларына тармактанып, бүткүл денени жана бардык органдарды аралайт.

Чычкандын мээсинин пирамида сымал нейрону, экспрессивдүү жашыл флуоресценттик белок (GFP)

Функциясы[оңдоо]

Нейрондор бири-бири менен байланышта болот. Мындай байланыштар синапс деп аталат. Нейрон борборго ташыгыч (сезгич), кабыл алгыч жана борбордон ташыгыч (кыймылдаткыч) болуп айырмаланат. Бул үч тектүү нейрондор жана борбордук нерв системасы аркылуу организмдин ар кандай дүүлүктүрүүлөргө жооп кайтаруу реакциялары, башкача айтканда рефлекстер ишке ашырылат. Териде сезгич нейрондун узун талчаларынын (аксондордун) учтары тармакташып, рецепторлорду түзөт. Рецепторлор дүүлүгүү сезимин кабыл алат. Механикалык, химиялык, электрдик жана башкалар дүүлүктүргүчтөр таасир кылганда рецепторлордо туюнуу пайда болот. Организмде бул туюнуу сезгич талчалары аркылуу нейрондун денесине өткөрүлөт. Борбордук нерв системасындагы туюнуу кыймылдаткыч (борбордон ташыгыч) нейронго берилет. Булар аркылуу туюнуу борбордук нерв системасынан органдарга жиберилет.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8