Аксон

Википедия дан

Аксон (гр. axon - ок) - нейрит, борбор цилиндр‎, жалгыздуу, нейрондук, сейрек бутактуу 1 мге чейин узарылган цитоплазмалык өсүндү. Ал клетканын денечесинен жана дендриттерден башка нейрондорго же эфференттик органдарга нерв импульстарын өткөрөт. А-дун цитоплазмасы (аксоплазмасы) мембрана менен чектелип, анда микротүтүкчөлөр, нейрофиламенттер, митохондриялар, эндоплазмалык торчосу, синаптикалык ыйлакчалар жана тыгыз нерселер болот.

А-дун диаметри бүт узуну боюнча салыштырмалу турукту келет, нейрондун денечесинин көлөмүнө пропорцианалду жана анын функциясына көз каранды. А. буумалары нерв талчаларын пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]