Рибофлавин

Википедия дан
Рибофлавин.

Рибофлавин (В2 витамини) башка витаминдер сыяктуу эле организмдин өсүүсүнө катышып, өсүү фактору болуп эсептелет. Ал белок, май, углевод алмашуу процессине катышат. Жаралардын айыгышына түрткү берет, борбордук нерв системасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги жана торчо катмарындагы зат алмашуу процессине таасир этип, жарыкты көрүүнү жана түстү ажыратууну камсыз кылат, балдардын организминин өсүү жана өөрчүшүнө таасир берет. В2 витаминин суткалык керектөө дозасы чоң кишилерде 1,9—3,0 мг, балдарда 1,0—3,0 мг. В2 витамининин жетишсиздигинен эрин кургап жарылат, эриндин бурчтарында жара (к. Жамажай) пайда болуп, бармактар кесилет, жарааттар кеч айыгат, чач түшөт, коньюнктивит жана блефарит болушу мүмкүн.

В2 витамини жумуртка, этте, боордо, ошондой эле дан жана чанактуу өсүмдүктөр: жер жаңгак, соя, жасмык, буурчакта, айрыкча ачыткы менен сүттө көп болот. Сүт кычкыл бактериялары рибофлавинди синтездегендиктен айранда, ряженкада жана башка витамин көбөйөт. Рибофлавин ультракызгылт көк нурларга туруксуз, ошондуктан витамин препараттарын (күкүм, таблетка) жана бул витаминге бай тамак продуктуларын күн тийбеген жерлерде сактоо керек. Тамакты бышырууда В2 витамини көп бузулбайт. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4