Рики Мартин

Википедия дан

Энрике Мартин Моралез (англ. Enrique Martín Morales; 1971-жылы 24-декабрь) - Рикки Мартин (англ. Ricky Martin) сахналык аты менен таанымал болгон, пуэрто-риколук ырчы жана актер. Мартин өзүнүн чыгармачылык ишин 12 жашында Menudo эркектер поп-тобунда баштаган. Топтун курамында беш жыл соң иштеген соң ал 1990-жылдары испан тилинде жаздырылган бир канча альбом чыгарган. Ошондой эле ал Мексиканын сахна жана телекөрсөтүүлөрүнө чыгып атак-даңкка ээ болгон. 1994-жылы ал US TV каналынын General Hospital (кырг. Негизги бейтапкана) эзилме операсында пуэрто-риколук ырчынын ролун аткарган.

1999-жылдын башында, бир канча испан тилиндеги альбомдорду жаздыргандан кийин, Мартин "Грэмми" сыйлыгынын 41 жылдыгынын шоусунда АКШнын музыкалык сахнасында латиноамерикалык ырлардын жайылтуусунун тездеткичи болгон "The Cup of Life" (кырг. Жашоо чөйчөгү) ырын аткарган.Ушундай жетишкендиктерден улам, Мартин эл аралык атак-даңк алып келген "Livin' la Vida Loca" (кырг. "Алаңзар өмүр сүрүү") ырын жаздырган. Бул ыр 1999-жылы латиноамерикалык поп-музыканын дүрт эткен ыры болуп башка испан ырчылардын англиялык сахнага кирүүсүнө өбөлгө түзгөн. "Livin' la Vida Loca" ырынын жайылуусунан бери 8 миллиондон ашык үн жаздыруусу сатылып, эң көп сатылган сингл болгон. Мартиндин алгачкы англис тилиндеги (Ricky Martin (кырг. Рики Мартин) аталышындагы) альбомунун 22 миллион жаздыруусу сатылып эң көп сатылган альбом болгон. Мартиндин башка студялык альбомдору: Me Amarás (кырг. Мага ашык болосуң) (1993), A Medio Vivir (кырг. Жашоо ортосунда) (1995), Vuelve (кырг. Кайта кел) (1998), Sound Loaded (кырг. Жүктөлгөн ыр) (2000), Almas del Silencio (кырг. Унчукпоонун күчү) (2003), Life (кырг. Жашоо) (2005), Música + Alma + Sexo (2011), and A Quien Quiera Escuchar (2015).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]