Рила

Википедия дан
Рила.

Рила, Рила-Планина – Балкан жарым аралындагы эң бийик тоо массиви (Мусала чокусу, бийиктиги 2925 м). Болгариянын түштүк-батышында. Узундугу 80 кмдей. Кристаллданган жана метаморфизмделген тоо тектерден турат. Риладан Искыр, Марица, Места дарыясы башталат. Альп тибиндеги рельеф мүнөздүү, мөңгү көлдөрү, жазы жана ийне жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт. Минералдуу булактар, курорттор (Г. Димитров атындагы, Боровец) бар. Кышкы спорт жана туризм өнүккөн. Түштүк-батыш тоо тармагында Рила монастры (10-кылымда негизделген, азыр музей) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]