Рин Тин Тин

Википедия дан
Рин Тин Тин
Rin Tin Tin
Түрү:

Canis lupus familiaris

Тукуму:

Немец овчаркасы

Жынысы:

Ургаачы

Туулган датасы:

5 -сентябрь 1918(1918-09-05)

Туулган жери:

Лотарингия, Франция

Каза болгон датасы:

10 -август 1932(1932-08-10)

Каза болгон жери:

 АКШ Лос-Анжелес шаары

Өлкө:

 АКШ

Кожоюну:

Ли Дункан

Жумуш түрү:

Актриса

Активдүү жылдары:

1922 жылдан - 1932 жылга чейин

IMDb:

ID 0863833

Рин Тин Тин (англ. Rin Tin Tin) — 1918-жылдын 15-сентябрында Ли Дункан аттуу америкалык жоокер бомбалоодон кийин урап калган Франциядагы үйлөрдүн биринен жаракат алган немис овчаркасын 5 күчүгү менен таап алат. Күчүктөрдүн арасында келечектеги Голливуд жылдызы – Рин Тин Тин бар эле. Согуш аяктаган соӊ кожоюну күчүктү Калифорния штатына ала кетет да, ар кандай айбанаттардын көргөзмө-шоулоруна, мелдештерге катыштыра баштайт. Иттин талантын кинопродюсер Чарльз Жонс байкап, Рин Тин Тин тууралуу «Ринти» аттуу тасма тартат. Дебюттук эмгеги үчүн итке 350 доллар гонорар төлөнөт. 1922-жылы ал кезде анчалык белгилүү эмес «Warner Brothers» кинокомпаниясы жабылуу коркунучуна кептелип, акыркы каражатына карышкыр катышкан тасма тартып жаткан. Ли Дункан карышкырдын ролуна өзүнүн итин сунуштайт. Жыйынтыгында Рин Тин Тиндин катышуусундагы «Тозок дарыясынан келген киши» (орус. «Человек с адской реки») тасмасы чоӊ ийгиликке жетишет. Ошентип ит аталган кинокомпанияны жабылуудан сактап калган. Рин Тин Тин 30дан ашуун тасмага тартылган. Дүйнөгө таанымал бул ит 1932-жылы өлгөн. Учурда Техас штатында Рин Тин Тиндин музейи иштейт жана Голливуддагы жылдыздар аллеясында анын ысымы жазылган жылдызча бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]