Рисов, Жунуш Бейшембиевич

Википедия дан

Рисов, Жунуш Бейшембиевич (1904, Түп району, Кара-Секи айлы —1937, Фрунзе) — «Манасты» жыйноочу. Р. айылдык диний мектепте жана Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган, 1923—25-ж. Ташкендеги казак-кыргыз эл агартуу институтунда окуп, 1925—27-ж. «Эркин-Тоо» газетасында адабий кызматкер болуп иштеген. 1931 — 37-ж. Манасчы Саякбай Карала уулунун оозунан «Манас» эпосунун «Семетей» бөлүмүн латын арибинде жазып алган. Ал жазып алган «Семетей» бөлүмү 48872 саптан турат (Кол жазмалар фондусу, 104 — 107-инв.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4