Ритц жана Галеркин методдору

Википедия дан

Ритц жана Галеркин методдору - математикалык анализдеги чет маселелер менен вариациялык маселелерди эсептеп чыгаруунун түз методдору.

Ритц методу вариациялык маселелерди жакындатып эсептөөдө жана вариациялык маселеге келтирилген чет маселелерди чыгарууда колдонулат. Бул методду (1908) немис математиги В. Ритц сунуш кылган. Галёркин методу Ритц методунун жалпыланган учуру; бул метод вариациялык жана чет маселелерди, ошондой эле вариациялык маселеге келтирилбеген чет маселелерди да жакындатып чыгарууда колдонулат. Алгач бул методду (1913) серпилгичтик теориясындагы конкреттүү маселени чыгарууда орус математиги И. Г. Бубнов колдонгондуктан кээде Бубнов-Галёркин методу деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.