Рихард Штраус

Википедия дан

Рихард Штраус (1864, Мюнхен -1949, Гармиш-Партенкирхен) - He-Men композитору жана дирижёр.

  • Музыкант үй-бүлөдөн. Композиция жана теория боюнча Ф. В. Мейерден сабак алган.

Дирижёр катары (негизинен өз чыгармалары менен ) көп өлкөлөрдө гастролдо болгон (Россияга 1-жолу 1896-ж. келген).

  • 1898-1918-ж. Берлин операсынын башкы дирижёру, фашисттик төңкөрүштөн кийин Империя музыкалык палатасына президент (1935-жылга чейин).
  • Штраустун музыкалык мурасында программалуу симфония, симфониялык поэма жана опера басымдуу.
  • Классикалык адабияттын мазмунуна «Мак-бет» (1886), «Дон Жуан» (1888), «ДонКихот» (1897), «Өлүм жана шоола»(1889), «Заратустра ушундай деген»(1896) ж. б. симфониялык поэмаларды жазган.
  • Вагнердин таасиринде туңгуч «Гунтрам» (1894), «Огсуз» (1901) опералары жаралган.

«Саломея»(1905), «Наксостогу Ариадна» (1912)операларында мифтик опера-серианын салттарын колдонгон.

  • Тарыхый-окуянын негизинде «Елена Египетская» (1928), «Данаянын сүйүүсү»(1952) ж. б. операларын жазган.
  • Штраус чыгармачылыгы 20-кылымдагы европалык музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.
  • Гейдельберг жана Мюнхен университеттеринин (1902) ардактуу доктору, Берлиндеги искусство академиясынын мүчөсү (1909).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.