Рица

Википедия дан
Рица көлү.

Рица, Чоң Рица – Абхазиядагы тоо көлү. Гагра кырка тоосунун чыгышында, 950 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 1,49 км2. Тереңдиги 116 мге чейин. Чанагы мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Юпшара дарыясы (Бзыбь дарыясынын алабы) агып чыгат. Жанында Кичи Рица көлү (аянты 0,2 км2) жайгашкан. Рица коругунун курамына кирет. Туризм жана эс алуу аймагы. Кавказдын Кара деңиз боюндагы курорттору менен автомобиль жолу аркылуу байланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]