Роалд Дал

Википедия дан
Роалд Дал (1954).

Роалд Дал (англ. Roald Dahl; 1916-жыл 13-сентябрь — 1990-жыл 23-ноябрь) — британиялык роман жана кыскача аңгеме жазуучу, акын, сценарист жана согуштук учкуч болгон. Анын чыгармалары дүйнө жүзү боюнча 250 миллиондон ашуун нуска менен сатылган.

Уэлсте норвегиялык үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген Дал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Падышанын аскердик аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Ал жерде Дал адис учкуч жана чалгынчыдан баштап, канат командиринин аткаруучу кызматына чейин көтөрүлгөн. Ал балдар жана улуулар үчүн жазган эмгектери менен 1940-жылдарда таанымал болуп, дүйнөнүн бестселлер жазуучуларынын бири болуп калган. Ал "20-кылымда балдар үчүн жазган улуу аңгемечилердин бири" делет. Адабиятка кошкон салымы үчүн алган сыйлыктарына 1983-жылдагы Жашоодогу жетишкендиги үчүн Дүйнөлүк фэнтези сыйлыгы менен 1990-жылдагы Британ китеп сыйлыгынын Жылдын балдар жазуучусу наамы кирет. 2008-жылы The Times гезити Далды "1945-жылдан берки 50 улуу британ жазуучусу" тизмесинде 16-катарга жайгаштырган.

Далдын кыскача аңгемелери күтүлбөгөн аягы, ал эми балдар китептери сезимтал эмес, түнөргөн, бөбөк каармандардын жийиркеничтүү өспүрүм душман катары көрсөтүлгөн кара тамашалуу маанайы менен белгилүү. Анын китептери боорукердикти алга сүрөп, жылуу сезимдерди чагылдырган. Далдын балдар үчүн жараткан эмгектерине "Жэймс жана алп шабдалы" (англ. James and the Giant Peach), "Чарли жана шоколад фабрикасы" (англ. Charlie and the Chocolate Factory), "Матилда" (англ. Matilda), "Жез кемпирлер" (англ. The Witches), "Укмуштуу Фокс мырза" (англ. Fantastic Mr Fox), "ЧДА" (англ. The BFG), "Келесоолор" (англ. The Twits) жана "Жорждун укмуштуу дарысы" (англ. George's Marvellous Medicine) кирет. Анын өспүрүмдөргө арналган эмгектерине "Күтүлбөгөн жомоктор" (англ. Tales of the Unexpected) кирет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]