Родопи тоолору

Википедия дан
Родопи тоолору.

Родопи тоолоруБалкан жарым аралында, Болгария менен Грекиянын аймагында. Узундугу 240 км. Эң бийик жери 2191 м (Голям-Перелик чокусу). Негизинен акиташ теги менен кумдуктардан түзүлгөн. Байыркы тайпак жерлер мүнөздүү, андан айрым токол тоолор көтөрүлүп жатат, түндүк капталдарын жазы жана ийне жалбырактуу токой, субальп шалбаасы; түштүгүн жер ортолук деңиздик бадалдар ээлейт. Коргошун-цинк кен таштары (Мадан ж. б.) чыгат. Минералдуу булактар, курорттор (Пампорово, Велинград, Нареченски-Бани ж. б.), бир нече резерваттар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]