Родос

Википедия дан
Родос.

Родос (грек. Ρόδος) – Эгей деңизиндеги арал, Кичи Азия жарым аралынын жээгине жакын, Грекиянын аймагында жайгашкан. Аянты 1404 км2 (Түштүк Спорада аралдарынын эң чоңу). Жер Ортолук деңизге мүнөздүү бадалдар өскөн дөңсөөлөр жана бийиктиги 1215 м. (Атавирос чокусу) жеткен токойлуу тоолордон турат. Дан эгиндери, жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Балык, былпылдактар кармалат. Родос – байыркы грек маданиятынын борбору. Курорттору бар. Туризм өнүккөн. Башкы шаары жана порту – Родос.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]