Романов, Бакыт Асылбекович
Бакыт Асылбекович Романов (Bakyt Romanov) - кыргызстандык ишкер, демөөрчү. "Улуу биримдик" улутчул демократиялык партиясынын төрагасы.
Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]
Бакыт Романов 1980-жылы 6-февралда Кыргызстандын Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган.
Ата-теги Ысык-Көлдүн Корумду кыштагынан болот.
Бакыт Ананьево айылында, андан соң Тамчы лицей-мектебинде таалим алып, аны 1997-жылы аяктаган.
Кыргыз архитектура курулуш институтунда инженер-эколог адистиги боюнча таалим алып, аны 2002-жылы аяктаган.
Учурда "Улуу баян" коомдук фондунун жана Республикалык "Манас" жаштар ордосунун директору кызматтарын аркалайт.
2012-жылы 5-мартта “Улуу Баян” коомдук фонду жети манасчыга жеңил авто унааларды белек кылды.
Аталган коомдук фонд манасчыларды социалдык жактан колдоого алууну максат кылып, келечегинде дагы бир топ манасчынын турак-жай маселесин чечип берүүнү көздөөдө.
2013-жылы ноябрда Кыргызстандагы "Улуу биримдик" улутчул демократиялык партиясынын төрагасы болуп шайланды.
Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]
Үй-бүлөлүү. Жубайы - Гүлнура.
Үч уулу бар.
Демөөрчүлүк ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстандагы бир катар маданий иш-чараларга, китеп чыгарууга демөөрчүлүк кылган.
Анын фондунун жардамы менен манасчылар Шаабай мене Шапактын китептери (2014) жарык көрдү.