Романтика

Википедия дан

Романтика — адабий чыгармачылыкта турмуштун өзгөчө көрүнгөн жактарын же каармандыкка ширелген окуялардын көтөрүңкү маанайда чагылдырылышы. Муну романтизм методу менен алмаштырбоо керек. Романтизм адабий ойлоонун өзүнчө бир формасы, принциби катары көрүнсө, романтика социалисттик реализм методунун ичиндеги турмушту көркөм чагылдыруунун өзүнчө бир ыгы, жолу. Мисалы, К. Жантошевдин «Каныбек» романында романтика өзгөчө даана байкалат Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги бала өзүнүн балалык романтикасы менен окурмандарга жагат. Ал өзүнүн дүрбүсүнө кайрылат, тоо, токой, таш — баары анын оюнда жандуу нерселер, алар менен сүйлөшөт, анын өзүнүн идеалы — ак кемеси бар. Кыргыз совет адабиятында мындай романтикалык сүрөттөөлөр А. Токомбаевдин, Ч. Айтматовдун, А. Осмоновдун, Ж.Бөкөнбаевдин, С. Эралиевдин чыгармаларынан көп учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]