Ротация

Википедия дан

Ротация (лат. rotatio–«тегеренүү кыймылы, айлануу») – конституциялык укук боюнча бийлик органынын өкүлдөрүнүн катарын толук эмес түрдө жаңылоо принциби. Мекеме, уюмдарда өндүрүшкө керектүү ар кандай тапшырмаларды аткарууда жумушчуларды бир орундан экинчисине которуу да Ротация деп аталат. Мындан тышкары скульптура, мерчандайзинг (маркетинг процессинин бир бөлүгү), деңиз кемелеринин портко жүк ташуусу, жер айдоону алмаштырууга байланыштуу терминдерде пайдаланылат.