Руперт Гринт

Википедия дан
Руперт Гринт (2012).

Руперт Александр Ллойд Гринт (англ. Rupert Grint;1988-жылдын 24-августунда туулган) - британиялык актер. Ал "Гарри Поттер" (англ. Harry Potter) сериалындагы үч башкы каармандын бири Рон Уизлинин ролун ойногон актер катары таанымал болгон. Р. Гринт, 11 жашында Рон Уизлинин ролун ойногонго чейин мектеп сахнасында ойноп, жергиликтүү театр труппасына аралашып жүргөн. 2001-жылдан 2011-жылга чейин актер Гарри Поттер (англ. Harry Potter) тасмасынын бардык сегиз сериясына тең Даниель Радклифф (Гарри Поттер) жана Эмма Уотсон (Гермиона Грейнжер) менен бирге тартылган.

2002-жылдан баштап, "Гарри Поттер" тасмасынен алыстап, "Чагылган" (англ. Thunderpants) тасмасында Алан А. Аллендин ролун ойногон. 2006-жылы актер "Айдоочулук курстары" (англ. Driving Lessons) жана 2010-жылы прокаты чектелген "Сүйүү үчүн күрөш" (англ. Cherrybomb) тасмаларында катышкан. Гринт Билл Найи жана Эмили Блант менен бирдикте "Жаман ой" (англ. Wild Target) комедиясында ойногон. "Гарри Поттер" тасмасы аяктагандан кийин 2012-жылы " Ак кардагы туткундар" (англ. Into the White ) тасмасында экинчи пландагы ролду ойногон. 2013-жылы, Гринттин жаңы "CBGB Клубу" (англ. CBGB) тасмасы жарыкка чыккан жана актер "Супер Клайд" деген жаңы шоуга дагы тартылган. Р. Гринт 2013-жылы октябрда Лондондогу "Harold Pinter" театрында Жез Баттерворттун "Можо" (англ. Mojo) англ. пьесасында ойноп, театрдагы чыгармачылык тушоосу кесилген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]