Эмма Уотсон

Википедия дан
Эмма Уотсон (2010).

Эмма Шарлотта Дүэрре Уотсон (англ. Emma Charlotte Duerre Watson; 1990-жылы 15-апрель) – бритаиялык актриса, модель жана активист. Парижде туулуп Оксфордширдте чоңоюп өскөн актриса Dragon School мектебинин окуучусу болгон жана актердук чеберчиликке Оксфордтун Stagecoach Theatre Arts мектебинде үйрөнгөн. Башында мектеп пьесаларында гана роль аткарган актриса "Гарри Поттер" (англ. Harry Potter) серияларында Гермиона Грейнжердин ролун аткарып атактуулукка жеткен. Уотсон 2001-2011-жылдары "Гарри Поттер" франшизасынын баардык сегиз бөлүмдөрүндө роль аткарып дүйнөлүк атактуулукка жана сыйлыктарга жетип болжол менен 60 миллион доллар киреше тапкан.

Актриса "Гарри Поттер" франшизасында тартылуудан тышкары "Десперонун кызыктуу окуялары" (англ. The Tale of Despereaux, 2008) мультфильминин каарманынын үнүн коштогон жана 2007-жылы "Балет туфлиси" (англ. Ballet Shoes) романдын телевизиондук адаптациясында тартылган. Ошондон тартып актриса "Жоош болгондуктун пайдалары" (англ. The Perks of Being a Wallflower, 2012) жана "Жалтырак турмуш" (англ. The Bling Ring, 2013) тасмаларда тартылган. Ошондоой эле актриса "Акыр дүйнө" (англ. This Is the End, 2013) тасмада кыска роль аткарган жана "Нух" (англ. Noah, 2014) тасмада башкы каармандын багып алган кызынын ролун аткарган. 2017-жылы актриса "Сулуу жана түрү суук" (англ. Beauty and the Beast) жандуу экшн адаптациясында Бельдин ролун аткарган. Актриса тартылган башка тасмалар: "Кайтуу" (англ. Regression, 2015), "Колония" (англ. Colonia, 2015) жана "Айлана" (англ. The Circle, 2017).

2011-2014-жылдар арасы актриса чыгармачылык ишине жана окуусуна тең заман бөлүп, Браун университетинде жана Оксфорд университетинин Вустер колледжинде окуп, 2014-жылдын майында бакалавр даражасы менен Браун университетинин англис адабият бөлүмүн бүтүргөн. Актриса Burberry жана Lancôme кампанияларында модель катары иштеген. Мода жардамчысы катары Уотсон People Tree компанияга кийим коллекциясын жаратууга жардам берген. 2014-жылы Уотсон BAFTA сыйлыктын "Жылдын эң мыкты британиялык актриса" номинациясына татыган. Ошол эле жылы актриса БУУнун аялдар укуктары маселесинин атайын өкүлү болуп БУУнун HeForShe (эркектерди жыныстык теңдикти коргоого чакырык) кампаниясынын демөөрчүсү болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]