Рур көтөрүлүшү (1920)

Википедия дан

Рур көтөрүлүшү (1920) - Германиянын Рур областындагы эмгекчилердин реакцияга каршы 1920-ж. март - апрелдеги куралдуу кыр көрсөтүүлөрү.

Капп козголоңун (1920) басуу үчүн компартиянын жана солчулдардын жетекчилиги менен Кызыл Армия түзүлүп, ал 22-мартта областтын ири шаарларын ээлеген. Революциячыл чыгуудан чочулаган өкмөт 24-мартта күрөштү токтотуу жөнүндө көтөрүлүшчүлөр менен келишим тузген. Бирок өкмөт көтөрүлүшчүлөрдун ырксыздыгын жана кээ бир жетекчилеринин кетирген кемчилигинен пайдаланып, апрелдин башында көтөрүлүштү аёосуз баскан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.