Рысбаев Сулайман Казыбаевич

Википедия дан
Рысбаев Сулайман Казыбай уулу‎»‎ барагынан багытталды)
Рысбаев, Сулайман Казыбаевич
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Рысбаев, Сулайман Казыбай уулу
Туулган жылы: 1956-жылы 17-февраль
Туулган жери: Ош шаары, Ош облусу
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: окумуштуу, жазуучу, окутуучу
Багыты: Филолог, балдар жазуучусу, кыргыз тилин окутуу методикасы


Рысбаев Сулайман Казыбаевич- окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Рысбаев Сулайман Казыбаевич 1956-жылы 17-февралда Ош шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1973-жылы Токтогул районундагы "Сары-Камыш" айылындагы "Бирлик" орто мектебин аяктаган. 1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин, айылдык мектептерде кыргыз тили, адабияты сабагынан карапайым мугалим болуп иштеген. 1987-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясында, адегенде, ага илимий кызматкер, сектор башчысы жана бөлүм башчы, учурда лаборатория башчысы болуп иштеп келатат.

Илимий-методикалык багыттагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]


С.Рысбаевдин авторлугу менен жазылган 10 окуу китеп мектепте негизги окуу китеп катары 1992-жылдардан бери окулуп келатат. Тактап айтканда, кыргыз мектептеринин 1-класстарынын «Алиппе» окуу комплекси, «Кыргыз тили», «Адеп алиппеси» 2-3-класстарынын «Кыргыз тили», орус мектептеринин 1-4-класстарынын жана өзбек мектептердин 1-3-класстарынын «Кыргыз тили» аттуу окуу-комплекстери. Ал республикабызда биринчи болуп 1-класстардын «Алиппе» окуу-методикалык комплексин түзгөн. Анын курамында: «Кесме тамгалар», «Шайыр тамгалар», «Боемо тамгалар», «Алиппе дептери», «Дил ачар» (класстан тышкаркы окуу үчүн хрестоматия) жана комплекстин «Методикалык көрсөтмөсү» бар. Бүгүнкү күндө бул комплекс мектеп практикасында 10 жылдан бери туруктуу колдонулуп келет. Бул аталган «Алиппе» 2000-жылы Вильнюс шаарындагы бүткүл дүйнөнүн 300дөн ашык тилдеринин жана диалектилеринин «Алиппелеринин» музейине коюлган. Белгилей кетүүчү сыймыктуу нерсе– С.Рысбаевдин «Алиппе» окуу-методикалык комплекси республикабызда алгач ирет этнопедагогикалык багытта жазылып, «Улуттук «Алиппе» катары баалангандыгы.
Рысбаев Сулайман – кыргыз тилин окутуу методикасы илими боюнча таанымал адис, 1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргогон, доцент илимий наамын 2000-жылы алган. Ал эми докторлык даражага 2006-жылы ээ болгон. Учурда Кыргыз билим берүү академиясынын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясын жетектөө менен, кыргыз тили-адабияты кафедрасында профессору катары иштеп келе жатат.
С.Рысбаев илимий изилдөө ишин, кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин учурдагы абалы, мазмуну, түзүлүшү, илимий жактан анын методикалык апараттын өркүндөтүү багыттары боюнча баштаган. Бул иштерин жыйынтыктап, 1992-жылы «Кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин мазмунун жана түзүлүшүн өркүндөтүү жолдору» аттуу монографиясын чыгарган. Кыргызстанда биринчи жолу орус мектебинде кыргыз тилин окутуу методикасы боюнча «Орус мектебинде кыргыз тилин окутуу процессин тематикалык-кырдаалдык принципте уюштуруу аркылуу окуучулардын маек кебин өстүрүү» деп аталган кандидаттык диссертациясын коргогонун белгилеп айтсак болот.
1995-жылдан тартып мамлекеттик тилибизди республиканын мектептеринде окутууну жакшыртуу талабына жараша, тилдерди үйрөнүүнүн дүйнөлүк практикасына таянып, буга чейин колдолунуп келген окуу программасын, окуу китептерин коммуникативдик багытта түзүүгө багыт алган жана орус мектептеринде кыргыз тилинен билим берүүнүн концепциясын (Б. 1997-ж) жана мамлекеттик стандартын (1999-ж) жазышкан. Бул багыттагы «Орус мектептеринде кыргыз тили окутуунун методикасынын маселелери» аттуу методикалык китеби менен КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Мыкты методика» аттуу республикалык конкурсунда (2006-жыл) 1-орунду жеңип алган.Бул багыттагы көп жылдык эмгегинин жыйнагы «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык-практикалык маселелери» аттуу (270 бет көлөмүндө) методикалык окуу куралы 2011-жылы жарыяланды.
С.Рысбаевдин методикалык соңку эмгектеринде окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүү, кебинин маданиятын ( кептин тазалыгын, тактыгын, тууралыгын, логикалуулугун, көрктүүлүгүн, байлыгын, адебин, орундуулугун) калыптандыруу, жазуу ишкердүүлүгүн (ритмикалык жазуу) өнүктүрүү, жазуу маданиятына көнүктүрүү, жазуу ылдамдыгын жана жазуу көлөмүн аныктоо маселелери туруктуу орунду ээлөөдө. Бул проблемалар анын «Окуучунун дил баяны» (Б., 1999-2003, 2005, 2010), «Өзбек мектептеринде кеп маданиятын окутуу», (Ош, 2003), «Окуу, жазууга үйрөнүүнүн ритмикалык ыкмасы», (Б.2002), «Окуучунун сабатын ачуунун жана рухий тарбия берүүнүн проблемалары» (Б.2000, 2011) ж.б. илимий-методикалык эмгектеринин чордонун ээлейт. Мектеп мугалимдери жана окуучулары үчүн чыгарган 40ка жакын кошумча окуу жана методикалык китептери, окуу хрестоматиялары учурда баалуу эмгектер болуп калды. Атап айтканда, 1-класстар үчүн: «Булак» (Б., 1999), «Дил ачар» (Б., 1999), 2-класс үчүн «Балапан» (Б., 1999), 3-4-класстар үчүн «Жоогазын» (Б.,1998), «Рабаят» (Б., 2005) аттуу хрестоматиялары, «Чыпалак бала» (Б.,1997) аттуу диафильм, «Сөз өстүрүү» албом-таблицасы (Б., 1999, 2004). «Кыргыз тилинин таблицалары» (Б., 2001), «Класстан тышкаркы окуу» (авторлош, окуу орус тилинде жүргөн мектептердин 1-4-класстары үчүн класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы), «Рабаят» (авторлош, кыргыз мектептеринин 1-4-класстанынын класстан тышкаркы окуу китеби), ж.б. Ал эми илимий-методикалык багыттагы жалпы саны 200гө жакын, көлөмү 70 басма табакты түзгөн макалалары илимий-методикалык жыйнактарда, журналдарда, педагогикалык газеталарда басылган. Бардык окуу – нормативдик, илимий-методикалык эмгектеринин жана окуу китептеринин жалпы көлөмү 500 басма табактан ашат.

Сулайман Рысбаев регалияларын тагынып, өз эмгектеринин фонунда

Педагогикалык жана коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Рысбаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү ар тараптуу. Ал кыргыз тилин, адабиятын окутуунун методикасы менен бирге, учурдагы кыргыз балдар адабиятынын өнүгүш проблемалары, учурдагы абалы боюнча да изилдөөлөрүн жүргүзүүдө. Буга байланыштуу жарыяланган «Азыркы кыргыз балдар адабияты: проблемалары, портреттер» (Б., 2000), «Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы» (Б.2006) аттуу монографиялык эмгектери учурда бул окуу куралы катары педагогикалык окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары тарабынан окутулуп келе жатат. С.Рысбаев илимий-педагогикалык кадрларды тарбиялап чыгарууга да жигердүү иштөөдө. Анын жетекчилиги менен 8 кандидаттык иш корголгон.

С.Рысбаев көп жылдардан бери профессорлор Бекбоев Исак жана Байгазиев Советбек менен бир мекемеде жемиштүү чогуу иштешип келе жатат.

Жарык көргөн эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман Рысбаев залкарыбыз Чыңгыз Айтматов менен


Монографиялар
1. «Азыркы кыргыз балдар адабияты: проблемалар жана портреттер», 5 .б.т.., Б., 1998
2. «Кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин мазмунун жана түзүлүшүн өркүндөтүү жолдору», «Мектеп», 7 б.т., 1999
3. «Кеп маданиятын өзбек мектептеринде окутуу», 8 б.т., Ош, 2002 (авторлош)
4. «Орус мектептеринде кыргыз тилин окутуунун проблемалары» 8 б.т., Б., 2002
5.«Из истории развитие педагогической науки в Кыргызстане» (к 50-летию Кыргызского институт образования) 1951, 2001, 1, 12 б.т., Б., Педагогика», 2003 (коллект, монография)
6. «Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жат жазуу жумуштарын жүргүзүү технологияларын өркүндөтүү ( авторлош), Б., 2004, 2008
7. «Улуттук мазмундагы эне тили окуу китептерин түзүүнүн проблемалары» 2 б.т, Б., «Кут билим», 2005
8. «Файл:Кыргыздын фольклорунун педагогикасы» 27 б.т., Б., «Билим куту», 2005.
9. «Кыргыздын элдик таалим-тарбия методдору жана принциптери“(авторлош), Б.2007, 7б.т.
10. «Орто мектептерде кыргыз тили,адабиятын окутуунун технологиялары» аттуу монографиясы (авторлош) басылып чыккан, Б. 2008-жыл. 280 бет.
11. «Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык жана практикалык маселелери», Б., «Мега-Принт» басмасы, 2011

Концепциялар
1. Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнүн концепциясы (5 б.т.) Б.1995
2. Окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнүн концепциясы (5 б.т.) (авторлош), Б.2006
3. Окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнүн концепциясы, жаңы вариант, газ. «Кутбилим», (авторлош), Б.2010, 3-дек.

Мамлекеттик стандарттар


1. Республиканын мектептеринде кыргыз тили жана адабияты боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары (5-11-кл, долбоор) 1 б.т. Б. 1996
2. Окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуунун мамлекеттик стандарты, 1 б.т., Б., 2006 (2-басылышы, өркүндөтүлгөн редакциясы).

Окуу программалары


1. Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде Кыргыз тилин окутуунун программасы, 1-11-кл. 3 б. т., Б., 1998, 2000, 2001, 2003, 2005, 2006-жылдар.
2. Биринчи класста эне тилин окутуунун программасы, (долбоор) 0,5., «Кут билим», 1998 апрель
3. Кыргыз башталгыч класстары үчүн Эне тилинин программасы, (1-4-кл) 1 б.т. Б., «Педагогика», 2000, 2002, 2003, 2004, 2005, 2006-жж.
4. 1-класс үчүн «Алиппе» курсу боюнча сабат ачуу жана кеп өстүрүүнүн календардык планы», 0,5 б.т., «Кут билим сабак» тиркемеси, №2, 1999
5. Кыргыз тилинин программасы (орус тилиндеги бала бакчалар үчүн) (авторлош), 5.б.т., Б., 2000
6. «Өзбек мектептери үчүн адабий окуунун программасы, (бирге түзүүчү) 2 б.т., (долбоор) Б., 2004
7. «Кыргыз тилинин программасы», (5-11-кл), (бириктирилген редакциясын чогуу иштеп чыгышкан)7 б.т., Б., 2004, 2005, 2006
8. «Соңку кыргыз адабиятынын программасы» (10-11-кл), (бирге түзүүчү) Б., 2006 (китепте: «Кыргыз адабиятынын программасы»)
9. «Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-11-кл. үчүн кыргыз тилинин программасы», (бирге түзүүчү), Б-Ош, 2007,
10. «Кыргыз тилинин программасы», Гимназия, лицейлеринин эксперименталдык «Алиппе-интеллектуал окуу китебинин программасы», (бирге түзүүчү) 2007.
11. «Класстан тышкаркы окуунун программасы», кыргыз жана орус мектептеринин 1-4-класстары үчүчн, (бирге түзүүчү), 2008.

Окуу китептери
Кыргыз мектептери үчүн

Балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев бөбөктөр менен


1. «Алиппе», (окуу-усулдук комплекс) Б., 1998 (1-бас.) 10 б.т., «Педагогика», 2000, 2001, 2002, 2003, 2004, 2005, 2007.
2. «Алиппе», (окуу-усулдук комплекс) 9 б.т., Б., Финляндия, «Сканрус», 1999 (2-бас)
3. «Кыргыз тили», 2-кл. үчүн окуу китеби, 12 б.т., Б., 2000, 2002, 2005
4. «Кыргыз тили» 3-кл үчүн окуу китеби, 10,5 б.т., «Педагогика», 2003, 2005 (авторлош)
5. «Адеп алиппеси», 8 б.т. 1-кл үчүн, «Билим куту», Б., 2005.2007
6. «Алиппе-интеллектуал“, (комплекс), 1-кл. үчүн эксперименталдык окуу китеби, (авт), Б., «Билим куту“, 2007.
7. «Кыргыз тили“, (авт), 1-кл. Б., «Билим куту“, 2007.
8. «Дилачар“, 1-кл, класстан тышкаркы окуу китеби, Б., «Билим куту“, 2007.
9. «Тилачар“, 1-кл. Окуу жана сөз өстүрүү китеби, Б.,“Билим куту“,2007.
10. “Алиппе“, оңдолгон, толукталган жаңы редакциясы,(«Учкун басмаканасы), 2007 (25000 нуска).
11. “Алиппе“, мурдагы редакциясы,(«Полиграфбум» басмаканасы), 2008 (10000 нуска).
12. «Кыргыз тили», 2-кл.кайра басылышы, 2009, Б.
13. «Кыргыз тили», 3-кл. кайра басылышы, Б.2009.

Орус мектептери үчүн
1. «Кыргыз тилинде сүйлөйбүз», 1-кл. (комплекс, 9,5 б.т., Б., «Мектеп», 1999 (1-бас)
2. «Кыргыз тилинде сүйлөйбүз» Б., 1-кл. 9,5 б.т., «Архи», 2003
3. «Кыргыз тилинде сүйлөйбүз» (1-кл.), 9,5 б.т. «Билим куту», Б., 2006
4. «Кыргыз тили», 2-кл. (авторлош) 9 б.т. Б., Финляндия, «Сканрус», Б., 1999
5. «Кыргыз тили» 2-кл. (авторлош) 9,9 б.т., «Архи», 2002, 2003
6. «Кыргыз тили» 2-кл. (авторлош) 9 б.т., «Бийиктик», 2004
7. «Кыргыз тили» 3-кл. (авторлош) 10,5 б.т. «Мектеп», 1991, 1993, 1996, 1999
8. «Кыргыз тили», 3-кл. (авторлош) 10,5 б.т., «Архи», 2002, 2003
9. «Кыргыз тили» 3-кл. (авторлош) 10,5 б.т. «Бийиктик», 2004
10. «Кыргыз тили», 3-кл. (авторлош) 10,5 б.т., Б., «Билим куту», 2006
11. «Кыргыз тили», 4-кл. (авторлош) 11 б.т., Б., «Мектеп», 1992, 1994, 1998, 2000
12 «Кыргыз тили», 4-кл. (авторлош) 11 б.т., Б., «Архи», 2002, 2003
13 «Кыргыз тили», 4-кл. (авторлош) 11б.т., Б., «Бийиктик», 2004
14. «Кыргыз тили» 4-кл. (авторлош) 11 б.т., «Билим куту» 2006

Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн
15. «Кыргыз тили», 2-кл. Ташкент, 7 б.т., 2002, 2003
16. «Кыргыз тили», 3-кл. Ташкент, -б.т., 2003
17. «Алиппе», 1-кл. Ташкент, 7 б.т., 2003, 2007
18. «Алиппе», Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 1-класстары үчүн окуу китеби, Ташкент шаарынан басылып чыккан. (авторлош)., «Өзбекстан» басмасы, 2008.
19. «Эне тили жана окуу китеби», Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 1-класстары үчүн окуу китеби, (авторлош), Ташкент шаары, «Өзбекстан» басмасы, 2008,2009
20. «Эне тили», Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 2-класстары үчүн окуу китеби, (авторлош), Ташкент шаары, «Өзбекстан» басмасы, 2008.
21.«Эне тили», Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 3-класстары үчүн окуу китеби, (авторлош), Ташкент шаары, «Өзбекстан» басмасы, 2008.

Бала бакчалар үчүн
18. «Наристе-алиппе», 5-6 жашар балдар үчүн, Б.2008
19. «Наристе-Алиппе», бөбөктөр үчүн, 2-кайра басылышы, Б.2009.

Окуу – методикалык адабияттары
Методикалык көрсөтмөлөр

Сулайман Рысбаев жумуш ордунда


1. Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-4-класстарынын «Кыргыз тили» окуу китептерине методикалык көрсөтмөлөр; (авторлош), 8 б.т., Б., 1993
2. 1-класста эне тилин окутууда окуучулардын сабатын ачуу, кебин өстүрүү жана рухий тарбия берүү программалары («Алиппеге» методикалык колдонмо), 4.б.т., Б., «Педагогика», 2000
3. «Адеп», 1-кл. мет. Колдонмо, авторлош, 2006, 2008

Диафильм:
1. «Чыпалак бала» (диафильм, 36 кадр) Орус мектептеринин 1-4-класстары үчүн, Б., «Кыргыз фильм», 1990

Хрестоматиялар
1. «Кыргыз акын-жазуучулары-балдарга», түзүүчүлөрдүн бири, балдар үчүн хрестоматия, 1-китеп, Б., «Гүлчынар», 2008., көлөмү 23 басма табак.
2. «Кыргыз акын-жазуучулары-балдарга», түзүүчүлөрдүн бири, балдар үчүн хрестоматия, 1-китеп, Б., Ага Хан, 2010., көлөмү 23 басма табак.
3. «Кыргыз акын-жазуучулары-балдарга», түзүүчүлөрдүн бири, балдар үчүн хрестоматия, 2-китеп, Б., Ага хан, 2010., көлөмү 23 басма табак.

Окуу хрестоматиялары
Кыргыз мектептери үчүн
4. «Дил ачар», (1-кл. үчүн класстан тышкары окууга карата хрестоматия), 4 б.т., Б., «Педагогика», 2001
5. «Рабаят», (Элдик педагогика- балдарга), 1-4-кл. үчүн класстан тыш. окуу хрестоматиясы. Б, «Бийиктик», 2008.
6. «Дил азык», 1-кл. үчүн класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.
7. «Дил азык», 2-кл. үчүн класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.
8. «Дил азык», 3-кл. үчүн класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.
9. «Дил азык», 4-кл. үчүн класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.

Орус мектептери үчүн
1. «Балапан», 1-кл. үчүн, (кл. тышкары окуу), 3 б.т., Б., 1998 (авторлош)
2. «Булак», 2-кл. үчүн, 3 б.т., Б., (авторлош)
3. «Жоогазын», 3-кл. үчүн, 5 б.т., Б., 1998
4. 1-кл. үчүн Класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.
5. 2-кл. үчүн Класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.
6. 3-кл. үчүн Класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.
7. 4-кл. үчүн Класстан тышкаркы окуу хрестоматиясы, Б. «АЗУР» 2009, авторлош.

Антология
1. «Кыргыз балдар адабиятынын антологиясы», Б., 2005-ж. 37 б.т. (түзүүчү)

Мугалимдер үчүн методикалык адабияттар
1. «Өмүргө шоола чачкан сабактар», китепте: «Педагогикалык тажрыйба», «Изденүүлөр жана табылгалар», 1,5 б.т., Б., «Мектеп» 1990
2. «Кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин мазмунун жана түзүлүшүн өркүндөтүү жолдору» (5-8-кл) 3,5 б.т., Б., Б., «Мектеп», 1992
3. «Орус мектептеринде кыргыз тилин окутуу усулунун проблемалары», (3-бас), (авторлош), Б., «Бийиктик», 2004
4. Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуу маселелери, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо, Б., 2007.
5. «Алиппе майрамы», авторлош, Б.2006, 2008.
6. Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жат жазуу иштерин өркүндөтүү технологиялары», авторлош, 2005, 2007, 2008.2010.
7. «Орто мектептерде кыргыз тили,адабиятын окутуунун технологиялары» аттуу монографиясы (авторлош) , Б. 2008-жыл. 280 бет.
8. «Окуучунун дилбаяны», Б.1999, 2005, 2010

Кошумча окуу колдонмолору
Кыргыз мектептеринин балдары үчүн
1. «Алиппе» дептери, 1-кл. үчүн, 1 б.т., Б., 1998
2. «Боёмо» дептери, 1-кл. үчүн, 1 б.т., Б., 1998
3. «Алиппе дептери», 1-кл. үчүн, 1 б.т. Финляндия «Сканрус» 1999
4. «Боёмо дептери», 1-кл. үчүн, 1 б.т., Б – Ф. «Сканрус», 1999
5. «Шайыр тамгалар», 1-кл. үчүн, 1 б.т., Б.Ф. «Сканрус», 1999, 2006, 2011
6. «Кыргыз алфавити», 1-кл. үчүн, Б., 1999, 2006
7. «Кыргыз тилинин таблицалары», 60т. 5 б.т., Б., «Мектеп», 2002
8. «Кыргыз тилинин таблицалары», 60т. 5 б.т., Б., 2003
9. «Жазуу дептери», Б., 2005 1 б.т.
10. «Таза жазуу», Б., 2005 1 б.т.
11. «Таза жазуу“, №1, 1-кл. (авт.) Эксперименталдык класстар үчүн, Б.2007.
12. «Таза жазуу“, №2, 1-кл (авт), Эксперименталдык класстар үчүн, ,, 2007.
13. Кыргыз алфавити, 1-кл. окуучулары үчүн, Б.,1999, 2007
14. «Жазуу жана боёмо дептери», 1-кл. үчүн «Алиппеге» кошумча окуу куралы, (Ч.Айдакеева менен авторлош), Б., «Раритет», 2008.

Орус мектептери үчүн:
1. «Сөз өстүрүү альбом – таблицасы жана методикалык көрсөтмөсү, 1-кл. үчүн 1 б.т., Б., «Мектеп», 1999
2. «Кесме тамгалар» (Кыргыз алфавити) 1-кл. Б., «Кыргыз басма үйү», 1999
3. «Жазуу – боео дептери“, 1 б.т., Б., «Архи», 2005

Өзбек мектептери үчүн
1. «Жазуу дептери», 1-кл. (Н.Ахмедова ж.б. менен), 2007.

Мугалимдер үчүн методикалык адабияттар
1. «Окуучунун дил баяны», Б., «Раритет», 1998 5 б.т.
2. «Окуучунун дилбаяны», Б., «Шам», 2002, 2004, 2010 8 б. т.
3. «Баланы көркөм сөз менен тарбиялоо», Б., «Раритет», 1999 4 б.т.
4. «Кыргыз тили», 5-11 – кл. тесттик тапшырмалар, 6 б.т., Б., 1997, 2001, 2002, 2004, 2005.
5. «Адеп», 1-кл. Окуу китеби боюнча методикалык колдонмо, мугалимдер үчүн, Б., «Билим куту», 2005 7 б. т.
6. «Башталгыч класстарда кыргыз тилинен жатжазуу иштерин жүргүзүүнү өркүндөтүү технологиялары», Б., 2005, 2006, 5 б. т.
7. „Алиппе майрамы», (1-кл. мугалимдер үчүн колдонмо, (авторлош) Б. 2006, 4,5 б.т.
8. «Сөз жөнүндө дастан», 3 б.т., «Терра сервис» 2006
9. «Кыргыз жазуу эрежесинин оңдолуп-толукталган жаңы редакциясын практикада колдонуу тууралуу», Мектеп мугалимдери, ЖОЖдордун, орто окуу жайлардын жана лицейлердин окутуучулары үчүн методикалык көрсөтмөлөр, Б., 2008.
10. «Окуучунун дилбаяны», Б., «Интерполиграф» басм., 8 б.т., 2010. (оңдолуп, толукталган варианты.
11. «Жатжазуу иштерин жүргүзүүнү өркүндөтүү технологиялары», Б., «Интерполиграф» басм., 5 б. т., 2010-жыл.

Авторефераттар
1. «Окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-4-класстарында кыргыз тилин окутууда окутууну кырдаалдык-тематикалык принципте уюштуруу менен, окуучулардын маек кебин өстүрүү жолдору», (кандидаттык диссертация), Б., 1995-ж. 1 б.т.
2. Кыргыз башталгыч мектептеринде адабиятты окутууну этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү (улуттук балдар фольклорунун материалдарына таянуу менен), (доктордук диссертация), Б., 2006. 27 б. т.

Сөздүктөр
1. «Сенин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгүн“ (1-4-кл. үчүн сөздүк минимумунун негизинде, кенже жаштагы окуучулар үчүн, 2000 сөз), бирге түзүүчү, 5 б.т., Б., «Педагогика», 2001

Мугалимдер үчүн адабий, илимий-популярдуу кошумча адабияттар
1. «Түгөлбай атага таазим», 13 б.т., Б., 2003
2. «Профессор С.Байгазиев жөнүндө сөз», Б., 2006,
3. «И.Арабаев, «Алиппе», кириллица ариби менен биринчи ирет басылышы, басмага даярдап, баш сөзүн жазган С.Рысбаев, (А.Алагүзов менен бирге), Б., 2007. (,И.Арабаев ат. КМУнун басмаканасы),2007.
4. «И.Арабаев. Биобиблиография», түзгөн С.Рысбаев, Бишкек, .И.Арабаев атн. КМУнун басмаканасы., 2007.
5. «Исак Бекбоев-мугалимдердин мугалими», түзүүчү С.Рысбаев, илимий-методикалык макалалардын жыйнагы, 13 басма табак, Б.,2008.
6. «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», (жаңы редакциясы), иштеп чыккан топтун мүчөсү болу менен чыгарылган, Б., 2008/
7. «Сөз жөнүндө дастан», Б, «Басма тамга ЖЧК» басмаканасы, 2010.

Жарык көргөн көркөм-адабий китептери
1. «Жылмайып турган таш», кенже жаштагы бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор, Б., 1997,
2. «Сыйкырдуу жазуу», бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор, Б., 1998,
3. «Мендей менен Сендейдин жоруктары», бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор, Б., 2000.
4. «Баланын канаты», бөбөктөр үчүн аңгемелер, жомоктор, Б., 2002,
5. «Бакыт издеген бала», бөбөктөр үчүн чакан аңгемелер жана жомоктор, Б., «Бийиктик», 2003
6. «Айжаз менен Бегулан», романтикалуу аңгеме, Б., «Архи», 2004,
7. «Адам-пери», «Бийиктик», бөбөктөр жана жеткинчектер үчүн жомоктор, романтикалуу жомок-аңгемелер, жомок-пьеса, жомок-повесть, Б., 2006
8. «Бөбөктөргө гүлдесте“, чакан аңгемелер жана романтикалуу жомок-повесть, Б.. 2007.
9. «Жылмайып турган таш», кенже жаштагы бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор, Б., «Гүлчынар», 2007.
10. «Сыйкырдуу жазуу», бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор, Б., «Гүлчынар», 2007.
11. «Мендей менен Сендейдин жоруктары», бөбөктөр үчүн аңгемелер жана жомоктор, 2-бас. Б., «Гүлчынар»,2007.
12. «Баланын канаты», бөбөктөр үчүн аңгемелер, жомоктор, Б., «Гүлчынар»,2007.
13. «Айжаз менен Бегулан», романтикалуу аңгеме, Б., «Гүлчынар», 2007.
14. «Айбийке сулуу», жомоктор, Б., «Бийиктик», 2007.
15. «Умай бала», жомок-повесть, 1-бөлүк, Б., «Бийиктик», 2008.
16. «Мендей менен Сендейдин жоруктары», 3-бас. Б. «Кутаалам» басмасы, 2008.
17. «Учуп жүрүүчү боз үй», аңгемелер, элдик аңыздар жана жомоктор, Б. «Гүлчынар», 2009.
18. «Атыжок» бала, же анын кызыктуу саякаты тууралуу жомок», Б. «Гүлчынар», 2009.
19. «ТАТТУУ ҮЙ», «Жусупбек Бакиев» республикалык кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып чыгарылган, 13 басма табак, Б.2009.
20.«Акбардын дарагы», «Ага-Хан» фондунун каржылоосу менен чыгарылган, Б.2009.
21. «МАА менен МЭЭ», бөбөктөр үчүн, аңгемелер жана жомоктор, 3,5 б.т., Б.»Гүлчынар», 2010.
22. «Аты жок бала», «Казыбай ата» фонду, Б.2010, 3 б.т.
23. «Умай бала» (жомок-повесть), 320 бет, Б., «Бийиктик», 2011.

Орус тилинде чыккандары:
1. «Айжаз менен Бегулан». Б, «Гүлчынар» басмасы, 2011.

Өзбек тилинде чыккандары
Аңгемелери
1. «Узилмай колган гуллар», «Оила ва жамийат» газетасы, Тошкент, «20 (759), 18-24-май, 2000-йыл.
2. «Учар ликопчалар», «Оила ва жамийат» газетасы, Тошкент, «20 (759), 18-24-май, 2000-йыл.
3. «Ширинтойларга», «Гунча», №8, 2006-йыл.
4. «Озиники ва озганики», аңгемелер, журн.» «Гунча», №8, 2006-йыл.
5.«Айжаз менен Бегулан». Б, «Гүлчынар» басмасы, 2011.

Англис тилинде чыккандары
1. «Баланын канаты», бөбөктөр үчүн аңгеме-китеп, Б. «Агахан» фонду, 2006,
2. «Айжаз менен Бегулан». Б,»Гүлчынар» басмасы, 2011.

Немец тилинде чыккандары
1. «Периштенин кайтып келиши», «Библиобраз-2007, Москва фестивалына карата чыккан жыйнакта, «Гамбург», 2007.

Армян тилинде чыккандар:
1. «Периштенин кайтып келиши», «Библиобраз-2007, Москва фестивалына карата чыккан жыйнакта, Ереван, 2007.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]


1.Окумуштуу – педагог катары С.Рысбаев учурда Тажикстандагы, Өзбекстандагы, ал тургай, Кытай Республикасындагы жашап жаткан боордошторубуздун балдарынын эне тилин окуп-үйрөнүүсүнө кызыгып, алар менен тыкыс байланышта иштеп жатат.
2. Балдар жазуучусу катары Улуттук Жазуучулар кошунунун балдар адабияты боюнча секциянын башчысы.
3. Улуттук жазуучулар кошунунун алдында балдар адабияты боюнча ыйгарылуучу Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары.
4. КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү.
5. КРнын Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча ыйгарылуучу сыйлыгы боюнча комиссиянын мүчөсү.
6. «Кыргыз тили» газетасынын, «Кырчын» көркөм адабий жана маданий журналынын, «КББАнын кабарлары», «ЖАМУнун кабарлары» илимий-методикалык журналдардын редаколлегия мүчөсү.

Алган сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Өзбекстан Республикасынын кыргыз мектептеринин 1-3-класстары үчүн чыккан китептери Өзбекстандын Билим берүү министрлигинин республиалык конкурсунда биринчи орунду (2003) жеңип алган жана атайын диплом менен сыйланган.
«Алиппе», «Кыргыз тили» окуу китептери үчүн 2002-жылы С.Рысбаевге И.Арабаев атындагы республикалык педагогикалык абройлуу сыйлык ыйгарылган.
Эл аралык «Түгөлбай Ата» коому (2003-жылы) өзүнүн лауреаттык сыйлыгын жана «Көк асаба» ардак дипломун ыйгарган.
КРнын Ардак грамотасы (2006)
Мамлекеттик тил улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» медалы (2006)
КР маданият министрлигинин «Маданияттын мыктысы» медалы(2008)
Москвадагы Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги (2007)
И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору (2006)
КРнын Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты (2009)
Эл аралык Манас академиясынын академиги (2011)

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сулайман Рысбаев үй-бүлөсү менен Манастын күмбөзүнүн жанында
Сулайман Рысбаев энесинин жанында


1. Айдакеева Чынаркүл, жубайы, 1961-ж.
2. Казыбаев Тилек Сулайманович, уулу,1980-ж.
3. Рысбаев Кушубак Сулайманович, уулу, 1982-ж.
4. Рысбаев Темирлан Сулайманович, уулу, 1985-ж.
5. Сулайманова Айгерим, кызы, 1995-ж.
Ошондой эле, 6 неберенин чоң атасы.

Ал тууралуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]