Мазмунга өтүү

Акбар Рыскул

Википедия — ачык энциклопедия
("Рыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)‎"‎ барагынан багытталды)
Турдиев Рыскул
Туулган датасы:

4 -апрель 1953(1953-04-04) (73 жаш)

Туулган жери:

Кемин району, Чым-Коргон караташ

Акбар Рыскулов — акын жана жазуучу.

Акбар Рыскул 1953-жылдын 4-апрелинде Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон айылында туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган[1].

Эмгек жолун «Ленинчил жаш» гезитинде корректор болуп баштаган. Андан кийин аталган гезитте котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1986-жылы редактор болуп дайындалган.

1983–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген. Ошондой эле «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы кызматын аркалаган. 1987-жылы Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы болуп иштеген.

1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 1993-жылы «Кыргызкабар» Мамлекеттик маалымат агенттигинин директору, 1995-жылы Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинин Ишенимдүү Өкүлү, ал эми 1996-жылдан 2001-жылдын августуна чейин Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчи болуп кызмат өтөгөн.

2001-жылдан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, 2004-жылдын март айынан

гарымдуу Элчиси болуп дайындалган.

  1. РЫСКУЛОВ Акбар (орусча). centrasia.org. Текшерилген күнү 26 Апрель 2025. Түп булактан архивделген күнү 5 -февраль (бирдин айы) 2024.