Рыскулов Жолдошбай

Википедия дан

Рыскулов Жолдошбай 1952-жылы 5-мартта Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.

  • 1968-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, Жалал-Абад шаарындагы спорт комитетинде инструктор болуп эмгек жолун баштаган.
  • 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
  • Келгенден кийин, Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамл екеттик Д ене тарбия (КГ ФИК)институтуна окууга тапшырып, аны 1976-жылы ийгиликтүү аяктайт.
  • Ошол жылдан Жалал-Абад шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт (ДЮСШ) мектебинде тренер-окутуучу болуп эмгектене баштайт.
  • Айта кетчүү нерсе, азыркы убакта бул спорт мектеби атактуу спортсмен Раатбек Санатбаевдин ысмын алып, олимпиядалык резервдерди даярдоо спорт мектеби(СДЮШОР) болуп кайра түзүлгөн.
  • Ж. Рыскулов бул мектептен көптөгөн спортсмендерди дүйнөлүк аренага алып чыккан.
  • Атай кетсек, 1987-жылы Борбукеев Заир деген окуучусу СССР дин биринчилигинде күмүш медалга татыса, 1995-жылы Базаркулов Эрнст Будапешт шаарында өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн чемпиондугун утуп, алтын медалга ээ болгон.
  • Ушул мектепте эмгектенип жүрүп, Жалал-Абад облусунун күрөш федерациясынын аткаруучу директору кызматын да аркалап келет.
  • «Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген тренери» наамын алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3