Рыскулов Кеңеш

Википедия дан

Рыскулов Кеңеш (1930-ж. т., азыркы Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айлы) — ветврач, ветеринария илимдеринин доктору (1994), профессор (1996).
1952-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн.
1955-ж. ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн.
1955—57-ж. Кыргыз ССР ИАнын Президиумунун окумүштуу-катчысы болуп иштеген.
1957-жылдан Түп районундагы «Сухой хребет» совхозунда башкы ветврач.
1959-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун микробиология лабораториясында улук илимий кызматкер, 1960-жылдан ошол эле институттун эпизоотология бөлүмүнүн башчысы, 1963—67-ж. институттун директорунун ветеринария илимдери боюнча орун басары, 1967—72-ж. койлордун ылаңын изилдөө лабораториясында улук илимий кызматкер, 1972-жылдан койлордун ылаңдарын изилдөө лабораториясынын (азыр Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциялар министрлигинин ветеринария боюнча илимий-өндүрүштүк бирикмеси) башчысы.
Анын илимий эмгектери койлордун жугуштуу жана ветеринарияда башта изилденбеген ыландардын таркалып кетиши жана пайда болуу себептерин изилдеп жана аларга каршы дарылоо, алдын алуу, профилактика жана башкаларга арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 16 сунуш) автору.
Микробиология, эпизоотология, малдын инфекциялык патологиясы боюнча адис. 230дан ашык илимий эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
«Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Диагностика, лечение злокачественного отека сычуга ягнят. Ф., 1973; Ветеринарно-профилактические мероприятия в овцеводстве (в соавторстве). Ф., 1989.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9